1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Фармация ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР

Бүгүн Медициналык колледждин Фармация ПЦКсын да  бүтүрүүчүлөр жана жумуш берүүчүлөрдүн катышуусунда маанилүү иш-чара уюштурулду. Бул жолугушуунун негизги максаты – бүтүрүүчүлөрдү эмгек рыногу менен жакындан тааныштыруу, алардын келечектеги кесиптик багытын аныктоого көмөк көрсөтүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө жумуш берүүчүлөр өз мекемелери тууралуу кеңири маалымат берип, талап кылынган адистиктер жана иш шарттары менен тааныштырды. Ошондой эле студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, түздөн-түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Жолугушуу жандуу форматта өтүп, катышуучулар арасында активдүү пикир алмашуу болду. Мындай иш-чаралар студенттер үчүн абдан пайдалуу болуп, алардын кесиптик өсүшүнө чоң салым кошот.

Жыйынтыгында, иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, өз максатына жетти деп бааланат. Катышуучулар жакшы таасир алып, келечектеги кызматташтык үчүн маанилүү кадам болду.