ФАРМАЦИЯ-БИЗДИН СУЙУКТУУ КЕСИП
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык колледжинин фармация бөлүмүнүн фарм-21 тайпаларынын студенттери жана фармация адистигинин бүтүрүүчүлөрү ортосунда 22-февраль 2024-жылда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууда өздөрүн тааныштырып, колледжди аяктагандан кийин кайсы фирмага жумушка киргенин, кандай жумуш баштаганын, кыйынчылыктарын, теорияда алган билимин практикада колдоно алышканын жана ошол менен эле билим алууну токтотушпай жогорку окуу жайга тапшырып окуп жаткандарын айтып беришти. Студенттерге эч качан жалкоолук кылбай, аптекага келген сатып алуучуларга жумшак мамиле кылууну, жумушка аябай жоопкерчилик менен мамиле жасоону, дары дармектерди жүгүртүүдөгү нормативдик укуктук актылар менен иш алып барууну айтышты. Ошондой эле студенттер тарабынан берилген суроолорго так жооп беришип, акырында фармация бөлүмүнүн окутуучуларына терен ыраазычылыктарын билдиришти.