ДИПЛОМ АЛДЫНДАГЫ ПРАКТИКА-ТЕОРИЯ МЕНЕН ПРАКТИКАНЫН АЙКАЛЫШЫ
13-июнь 2024-жылы фармация ПЦКасынын 3-курсунда окуган фарм-1-2-3-21-тайпасынын студенттеринин фармацевтикалык технология жана фармациянын экономикасын уюштуруу предметтеринен өтөгөн квалификация алдында өтөгөн практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү.Конференцияны Карьера жана практика бөлүм боюнча директордун орун басары А.Насиров, фармация ПЦКасынын башчысы Казакоза Р. ачып, студенттерге ийгилик каалады.
Студенттер конференцияда практика учурунда жасаган катуу, суюк, жумшак дары формаларынын манипуляцияларын жасап, фармацияны уюштуруу боюнча документация иштери менен тааныштырышты.