МЧББ АДИСТИГИНДЕГИ СТУДЕНТТЕРДИ ОКУУ ПРАКТИКАСЫНА ЖӨНӨТҮҮ
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин мектепке чейинки билим берүү адистигинин МЧББб-2-22 жана МЧББк-2-22 тайпаларынын студенттерин окуу практикага жөнөтүү үчүн конференция уюштурулду. Конференцияга ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, ЖАКтын өндүруштүк практика боюнча директордун орун басары У.Т.Кайкиева,ЖАКтын өндурүштук практика жетекчиси Э.А.Режапова жана адис практика жетекчилер Б.С.Калимбетова, М.А.Шерматова, А.А.Бабаевалар катышты.
Конференцияда окуу практиканын максаты жана милдеттери менен тааныштырылды. Ошондой эле студенттин жол картасы боюнча түшүндүрүлмө берилип, кундөлүк толтуруу тууралуу кеп-кеңештерди алышты.
Практиканын жетекчилери практикант-студенттердин суроолоруна жооп беришип, практикаларын ийгиликтүү өтөп келүүсүнө ийгилик каалашты.