МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжи мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын МЧББб2-21, МЧББк-01-22 тайпаларында мамлекеттик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болду.
Конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова жана ушул бөлүмдүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, ЖАКтын өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары У.Т.Кайкиева, адис практика жетекчилер А.К.Кыргызбаева, М.А.Шерматова, А.А.Бабаева жана практикант¬- студенттер катышты.
Отчет учурунда студенттер практиканын ийгиликтери менен катар методикалык айрым көйгөйлөргө токтолушту. Сабактардан өзүлөрүнүн жасаган иш-аракеттери боюнча анализ жүргүзүштү жана отчетторун слайд аркылуу көрсөтө алышты. Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова студенттерде практиканы өтөөдөгү жандануунун бар экенин баса белгилеп, практиканын жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.