МЧББ ПЦКсында конок лекция
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин МЧББ ПЦКсында Мээрим МЧББ мекемесинин тарбиячысы Жамшитова Гүлнара Жумабековна менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга МЧББб-2-2, МЧББк-2-22 тайпалары жана МЧББ адистигинин окутуучулары катышышты.
Г.Ж. Жамшитова балдар бакчасындагы бир күндүк тарбиялык иштин мазмунун тааныштырып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Айлана-чөйрө менен тааныштыруу сабагынан “Ноорузга чакырабыз” деген темада мастер класс көрсөттү. Студенттер балдар бакчасындагы балдар менен иштөөдө практикалык тапшырмаларды аткарышты. Сабактын план конспектисин жазууну конок менен биргеликте талкуулашты. Жыйынтыгында ЖАКтын өндүрүштүк практика жетекчиси Ү.Кайкиева ыраазычылык билдирип, мындай иш -чаралардын байма-бай өтүп туруусу студенттер үчүн эффективдүү экендигин белгиледи.