СТУДЕНТ - ПРАКТИКАНТТАРГА УСУЛДУК ЖАРДАМ

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери учурда мамлекеттик практикаларын өтөшүүдө. Практика жетекчилери тарабынан ачык сабактарды (4жолу) өтүү графиктери түзүлгөн. Студент-практиканттар ачык, көргөзмөлүү сабакты өтүүдө түрдүү стратегияларды колдонуп,кызыктуу сабактарды өтүп жатышат. Ачык сааттарга ЖАКтын өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Кайкиева, студенттердин практика жетекчилери А.Кыргызбаева,М.Шерматова, Г.Бабаева катышып жатышат.Студент-практиканттарга сабак учурунда кетирген кемчилдиктери боюнча усулдук жардамдарды берип, жетишкен жактарын белгиленип жатат.