ПРАКТИКАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТОО КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинин мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын МЧББб-2-22, МЧББк-2-22 тайпалар үчүн окуу практиканын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнун адиси Ш.М. Эргешов, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьера жана өндүрүштүк практиканын жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштук практика боюнча директордун орун басары У.Т. Кайкиева, МЧББ ПЦКсынын адис окутуучулары А.К.Кыргызбаева, А.А. Бабаева, М.А. Шерматова катышышты. Жыйынтыктоочу практикада учурда бодуп жаткан өндүруштөгү көйгөйлөрдү студенттер айтышып, сунуштарын жана ой-пикирлерин билгизишти. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Ш.М.Эргешов сунуштарды эске алдып, суроолорго жооп берди. Студенттер практика учурунда методикалык жардамдарды өз убагында алышкандыгын, жол карталар менен иштөөнү, балдар менен иштөөдөгү өзгөчөлүктөрдү билип, жана да өз кесибине болгон туруктуу кызыгуусу, ишеними пайда болгондугун билдиришти.