1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 часа назад

4

«Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама»

Чет тилдер колледжинде «Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама» боюнча У.Т.Кайкиева семинар өттү. Иш-чарага колледждин окутуучулары жана студенттери катышты.

Семинардын жүрүшүндө нускаманын негизги жоболору, документтерди түзүү жана тариздөө, каттоо, контролдоо тартиби каралды. Иш кагаздарын жүргүзүүдө кездешүүчү типтүү каталар талкууланып, практикалык мисалдар көрсөтүлдү.

Семинардын максаты: кызматкерлердин документтер менен иштөө боюнча билимин жогорулатуу жана иш кагаздарын бирдиктүү талаптарга ылайык жүргүзүүнү камсыз кылуу. Катышуучулар семинардын пайдалуу өткөнүнө ыраазычылык билдиришти.