1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

34

Педагогикалык практикага жөнөтүү конференциясы

Чет тилдер колледжинде педагогикалык практикага жөнөтүү конференциясы өттү

2026-жылдын 26-сентябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде студенттерди педагогикалык практикага жөнөтүүгө арналган конференция болуп өттү.

Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчилери тарабынан студенттерге педагогикалык практиканы уюштуруу жана өткөрүү боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Атап айтканда, практика боюнча отчет жазуу, сабактын план-конспектисин түзүү, практика учурунда жүргүзүлүүчү документтерди туура толтуруу жана жол картага ылайык иш алып баруу боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле студенттерге практика учурунда аткарылуучу иштердин ырааттуулугу, сабактарды даярдоо жана өткөрүү талаптары, практика күндөлүгүн өз убагында толтуруу жана отчеттук документтерди талапка ылайык даярдоо боюнча практикалык кеңештер айтылды.

Конференциянын негизги максаты – студенттерди педагогикалык практикага сапаттуу даярдоо, теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга багыт берүү жана келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө жоопкерчиликтүү мамиле жасоосуна шарт түзүү.

Педагогикалык практика – болочок мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандырууда маанилүү баскыч болуп саналат.