1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

28

«Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан»

Бүгүн Чет тилдер колледжинин  студенттери тарабынан мамлекеттик тилге арналган «Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу адабий-музыкалык кече жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыргыз тилинин байлыгын, тарыхын жана касиетин даңазалаган ырларды көркөм окушуп, улуттук бийлерди, заманбап жана классикалык обондорду аткарышты. Башка тилдерди үйрөнүп жаткан жаштар өз эне тилине болгон терең сый-урматын жана сүйүүсүн чеберчилик менен чагылдырып беришти.

Бул кече студенттердин арасында улуттук аң-сезимди чыңдоого, эне тилдин кадыр-баркын көтөрүүгө жана аны сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эскертүүгө багытталды

Кечени эң жогорку деңгээлде Чет тилдер колледжинин , Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Жапарова Жылдыз жана Алимжан кызы Айганыш өткөрүштү.

Ар бир инсан үчүн эне сүтү кандай аруу жана өмүргө азык болсо, эне тили да жан дүйнөнүн, улуттук аң-сезимдин дал ошондой ажырагыс калыптандыруучусу. «Эне тилим – эне сүтүм» деген сөз жөн гана чечендик эмес, ал – биздин тамырыбызды, деңгээлибизди жана келечегибизди аныктаган моралдык тараза. Эне сүтү денебизди азыктандырса, эне тилибиз кутубузду сактап, дүйнөнү таануубузга жол ачат.

Бүгүнкү студенттер – илим менен техника өнүккөн, ааламдашуу доорунда жашап жаткан муун. Албетте, азыркы жаштар үчүн бир нече чет тилин билүү, глобалдуу дүйнөгө интеграциялануу – доордун талабы. Бирок «башка тилди билүү – байлык, өз тилиңди билүү – милдет» деген кабыл алуу ар бир студенттин жүрөгүндө болушу шарт. Башка тилдерде эркин сүйлөө менен бирге өз эне тилибизди, заманбап илимдин, санариптин жана маданияттын тилине айлантуу – дал ушул студенттик муундун колунда.

Тайпасы: Атк-4-25

Окутуучу: Алимжан к Айганыш