1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

37

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде жаңы окуу жылына карата педагогикалык кеңешме өткөрүлдү.

18-сентябрда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде жаңы окуу жылына карата педагогикалык кеңешме өткөрүлдү.

Педагогикалык кеңешмеге колледждин директору Б. Баймырзаева жана жалпы окутуучулар жамааты катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө жаңы 2026–2027-окуу жылына карата окуу-тарбия иштерин уюштуруу, окуу процессин сапаттуу жүргүзүү, студенттердин сабакка катышуусун жана жетишүүсүн көзөмөлдөө, окутуучулардын алдына коюлган милдеттер жана алдыдагы иштер талкууланды.

Колледждин директору Б. Баймырзаева жаңы окуу жылында окутуучуларды жоопкерчиликтүү жана үзүрлүү эмгектенүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, студенттер менен тыгыз иш алып барууга чакырды.

Ошондой эле педагогикалык жамаат тарабынан жаңы окуу жылына карата сунуш-пикирлер айтылып, алдыга коюлган милдеттерди биргеликте ишке ашыруу боюнча пикир алышуу болду