1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

39

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган Билим күнү салтанаттуу белгиленди

15-сентябрда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде жаңы окуу жылынын башталышына арналган Билим күнү салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага колледждин жетекчилиги, окутуучулар жамааты, студенттер жана биринчи курска кабыл алынган жаштар катышты. Салтанаттын жүрүшүндө жаңы окуу жылына карата жылуу каалоо-тилектер айтылып, студенттерге билим алууда ийгиликтерди жаратууга чакырыктар жасалды.

Быйыл Чет тилдер колледжинин босогосун аттаган жаштар «Англис тили», «Кытай тили» жана «Котормо иши» адистиктери боюнча билим алышат. Жаңы кабыл алынган студенттерге колледждин окуу-тарбия иштери, студенттик жашоо жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар берилди.

Билим күнү – студенттик жашоонун жаңы барагын ачкан өзгөчө күн. Колледждин эмгек жамааты биринчи курстун студенттерине ак жол каалап, тандаган кесибин мыкты өздөштүрүп, келечекте чет тилдерди билген, билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуусуна тилектештигин билдиришти.

Жаңы окуу жылы ийгиликтерге, жаңы жетишкендиктерге жана жакшы жаңылыктарга бай болсун!