1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

133

ЖАМУнун Чет тилдер колледжинде "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" аталышындагы куратордук сааттар өтүлдү

15-сентябрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Чет тилдер колледжинде билим күнүнө, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына жана "Манас" эпосуна арналган "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" темасында куратордук сааттар болуп өттү.

​Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге "Манас" эпосунун улуттук рухтагы орду, Ч. Айтматовдун дүйнөлүк адабияттагы залкарлыгы жана сапаттуу билим алуунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.

​Слайддар жана видеороликтер менен коштолгон бул сааттар студенттерди ата-бабадан калган нарк-насилди сактоого жана терең билим алуу менен дүйнөлүк бийиктиктерге умтулууга чакырды.