1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

Чет тилдер колледжинин жамааты жаратылыш койнунда эс алды

Жамааттын ынтымагын бекемдөө, кызматкерлердин эс алуусун уюштуруу жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында Чет тилдер колледжинин эмгек жамааты жаратылыш койнунда эс алып келишти.

Иш-чара ЖАГУнун профсоюз уюмунун каржылык колдоосу менен уюштурулду. Эс алуу учурунда кызматкерлер спорттук жана көңүл ачуучу оюндарга катышып, табияттын кооздугуна суктанып, жагымдуу маанайда убакыт өткөрүштү.

Мындай иш-чаралар жамааттын биримдигин чыңдап, өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы окуу жылына дем-күч менен даярданууга жакшы өбөлгө түзөт.