1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

75

2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарууда Педагогиеалык  кеңеш болуп өттү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде №194 буйруктун негизинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча педагогикалык кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Жыйында колледждин директору Батма Масалбековна Баймырзаева окуу жылынын жыйынтыгы боюнча кеңири баяндама жасап, окуу, окуу-методикалык, илимий, практика жана тарбия иштери боюнча аткарылган иштерге жалпы талдоо берди. Өз баяндамасында колледждин негизги жетишкендиктерине, студенттердин билим сапатына, окутуучулардын усулдук жана илимий ишмердүүлүгүнө, практикаларды уюштурууга, эл аралык кызматташтыкка жана тарбиялык иштердин жыйынтыгына токтолду.

Ошондой эле окуу жылында студенттердин жетишкендиктери, окутуучулардын кесиптик өнүгүүсү, илимий конференцияларга жана академиялык мобилдүүлүк программаларына катышуусу, билим берүү процессине инновациялык технологияларды киргизүү боюнча аткарылган иштер белгиленди.

Жыйындын соңунда 2025–2026-окуу жылындагы жетишкендиктер менен катар айрым көйгөйлөр талкууланып, жаңы 2026–2027-окуу жылына карата билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу-методикалык, илимий, практикалык жана тарбиялык иштерди мындан ары өркүндөтүү боюнча тиешелүү милдеттер белгиленип, чечимдер кабыл алынды.