1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

53

Чет тилдер колледжинде «Бүтүрүү кечеси – 2026» салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлдү

2026-жылдын 18-июнунда Чет тилдер колледжинде бүтүрүүчүлөр үчүн «Бүтүрүү кечеси – 2026» аттуу салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чарага колледждин админстрациясы, окутуучулар жамааты, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышышты.

Салтанаттуу кечени ачып жатып, директор Батма Масалбековна бүтүрүүчүлөрдү окуу жайын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, алардын келечектеги окуусуна жана эмгек жолуна ийгиликтерди каалады. Ошондой эле тарбия иштери боюнча директордун орун басары Гүлбарчын Полотбековна жана Чет тилдер ПЦКсынын төрайымы Бермет Джалиловна бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, жылуу куттуктоо сөздөрүн жолдоштту.

Кеченин жүрүшүндө окуудагы, коомдук жана чыгармачылык иштердеги жетишкендиктери үчүн студенттер ар кандай номинациялар менен сыйланышты. Студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа көрүүчүлөргө тартууланып, ыр-бийлер, куттуктоо сөздөрү жана чыгармачылык номерлер кеченин көркүн ачты.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдүн студенттик жылдарын чагылдырган фотослайддар көрсөтүлүп, атайын даярдалган фотозонада эстелик сүрөттөр тартылды.

Иш-чаранын соңунда бүтүрүүчүлөр окутуучуларына жана ата-энелерине ыраазычылык билдирип, студенттик жылдардан алган эң жакшы эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.

Чет тилдер колледжинин жамааты бардык бүтүрүүчүлөргө жаркын келечек, бекем ден соолук жана чоң жетишкендиктерди каалайт!

🎓 «Келечегибиз – биздин колубузда!»