1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

63

Четтилдер колледжинин студенти Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ  болду  

Чет тилдер колледжинин студенти Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду 2026-жылдын 9–12-июнь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында 2009–2011-жылы туулган өспүрүмдөр арасында бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү.Бул абройлуу эл аралык мелдешке ЖАМУнун Чет тилдер колледжинин АТк-8-24 тайпасынын студенти Куйчуев Мелис катышты. Ал 55 кг салмак категориясында күч сынашып, жогорку чеберчиликти жана жеңишке болгон эркти көрсөтүү менен ардактуу орунду багындырды.Бул ийгилик — спортчунун талыкпаган эмгегинин, темирдей тартибинин жана насаатчысынын кесипкөйлүгүнүн жыйынтыгы. Балбанды дүйнөлүк биринчиликке машыктыруучу Анарбаев Касымбек даярдаган. Чет тилдер колледжинин жамааты Куйчуев Мелисти жана анын машыктыруучусу Анарбаев Касымбекти эл аралык аренадагы чоң жетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктайт. Сиздерге чың ден соолук, сарпталгыс энергия жана дүйнөлүк спорт ареналарында мындан да жаркын жеңиштерди каалайбыз!