1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

18

«Жумуш ордунда окутуу: Окуп жаткан тилдин балдар адабияты»

ЖАМУнун библиотекасында Чет тилдер колледжинин «Чет тили» адистигинин АТБ-2-23 жана АТК-2-23 тайпалары үчүн жумуш ордунда окутуу сабагы өткөрүлдү.

Сабак «Окуп жаткан тилдин балдар адабияты» предметинин алкагында уюштурулду. Окутуунун жүрүшүндө студенттер англис тилиндеги көркөм адабияттар менен таанышып, адабий чыгармаларды окуу аркылуу окуп түшүнүү жана тил көндүмдөрүн өнүктүрүштү.

Жумуш ордунда окутуу сабагын предметтик мугалим Абдыканова Гульжан уюштуруп, жетектеп барды.

Мындай сабактар студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана чет тилин терең өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзөт.