1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

"Сежонг Хакдан"корей борборун уюштуруучулары менен жолугушуу

2026-жылдын 25–26-май күндөрү King Sejong Institute Foundation фондунун инспекциялык тобу ЖАМУ университетине иш сапары менен келип, окуу жайда «Сежонг Хакдан» корей борборун ачуу боюнча берилген арыздын алкагында текшерүү жана баалоо иштерин жүргүздү.

     Иш сапардын жүрүшүндө фонд өкүлдөрү университеттин материалдык-техникалык базасы, тил үйрөтүү мүмкүнчүлүктөрү, эл аралык кызматташтык багытындагы ишмердүүлүгү жана корей тилин окутууга түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ошондой эле алар Чет тилдер колледжинин студенттери менен жолугушуп, корей тилине жана маданиятына болгон кызыгуусу тууралуу пикир алышты. Өз кезегинде фонд өкүлдөрү «Сежонг Хакдан» борборунун негизги максаттары, корей тилин дүйнөлүк деңгээлде жайылтуу багытындагы долбоорлор жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти.

Бул иш-чара кыргыз-корей билим берүү жана маданий кызматташтыгын өнүктүрүүгө, студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.