1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

28

«Кыргызстан үчүн Шанхай кызматташтык уюму саммити жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат»

2026-жылдын 18-майында саат 14:00дө Чет тилдер колледжинде «Кыргызстан үчүн Шанхай кызматташтык уюму саммити жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат» деген темада АТк-2-24 жана АТк-3-24 тайпаларынын студенттеринин катышуусунда дебат өткөрүлдү.

Иш-чараны өткөрүүгө жооптуу окутуучулар: Сарыбаева А., Абдусаматова А., Ташматова Н., Борубаева Г.

Дебаттын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, өз ойлорун билдиришти, «жактоочу» жана «каршы» позицияларды негиздеп, ошондой эле сынчыл ой жүгүртүү жана англис тилинде сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүштү. Катышуучулар саммитти өткөрүүнүн өлкө үчүн мүмкүн болгон экономикалык, саясий жана социалдык кесепеттерин талкуулашты. Өткөрүлгөн дебат студенттердин жогорку деңгээлдеги активдүүлүгүн көрсөтүп, алардын жүйөлүү сүйлөө жана командада иштөө көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түздү.