1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

27

“Бейиш эненин таманында”

2026-жылдын 15-май күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде Жалпы билим берүү ПЦКна караштуу окутуучулары Д.С.Талипова. Ж.Ө. Жапарова. В.Б.Кармышева. А.А. Жороевалар  АТб-1-25, АТк-3-25, АТк-7-25, АТк-8-25 тайпаларына уюштурулганБейиш эненин таманында”деген темада энелер күнүнө арналган иш-чара жана ата-энелер чогулушу  өткөрүлдү.

      Алгач Чет тилдер колледжинин директору Б.М.Баймырзаева жана   мамлекеттик тил социалдык иш жана тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Г.П.Маткасымова эжекелерге куттуктоо үчүн сөз берилди.

     Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучу Д.С.Талипова.  “Үй- бүлөлүк тарбия, энелерге болгон сый урмат, үй-бүлөлүк баалуулуктарындын  бекемделиши” боюнча эң сонун асыл сөздөрдү айтып берди. Андан соң студенттер тарабынан уюштурулган майрамдык концерт жана энелерге жылуу куттуктоо сөздөр айтылды.

   Иш-чаранын кызыктуу бөлүгү болуп “Апама кат”студенттердин энелерине жазган ыраазычылыктары,чексиз сүйүүлөрү билдирилген баяндамалар окулду. Бул мезгил энелердин, студенттердин, окутуучулардын арасында таасирдүү учур түзүлүп жылуу атмосфераны тартуулады.

   Иш-чаранын соңунда студенттердин тарбиясына, билим алуусуна кошкон зор салымы үчүн ата энелерге, ЖББ ПЦКнын башчысы К.С.Эрмеков тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.