1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

37

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине арналган куратордук саат

2026-жылдын 14-май күнү Чет тилдер ПЦКсында “2026-жылдагы ШКУ саммити: Кыргызстан үчүн мааниси” аталышындагы куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер Шанхай кызматташтык уюмунун тарыхы, максаттары жана Кыргызстандын эл аралык кызматташтыктагы орду тууралуу маалымат беришип, өз ойлорун ортого салышты. Ошондой эле иш-чара концерттик программа менен коштолуп, студенттер ыр-бий, көркөм окуу жана музыкалык номерлерди аткарышты.

Иш-чарага Сыдыкова Ж., Залимбекова Ж., Алмазбекова Т., Мурзалиева М. кураторлук кылган АТК 5-23, АТК 4-23, АТК 6-23 жана КАТК 3-24 группалары активдүү катышышты.

Иш-чара студенттердин дүйнөлүк саясий процесстерге болгон кызыгуусун арттырып, достук жана маданий байланышты чыңдоого багытталды.