1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

Чет тилдер колледжинде «Ачык сабактар» өткөрүлүүдө

Чет тилдер колледжинин Англис тили жана Кытай тили адистигинин студенттери мамлекеттик практикасынын алкагында «Ачык сабактарды» өткөрүп жатышат. Бул сабактар студенттердин теориялык билимдерин практикада колдонууга жана кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө багытталган.

Ачык сабактардын жүрүшүндө студенттер заманбап жана интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуп, окуучулар менен натыйжалуу иш алып барышууда. Сабактар мазмундуу жана кызыктуу өтүп, окуучулардын чет тилдерге болгон кызыгуусун арттырууда.

Мындай сабактар келечектеги мугалимдер үчүн баалуу тажрыйба болуп, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.