1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

108

Чет тилдер колледжинин окутуучулары профориентациялык иш-чараларды өткөрүүдө

Чет тилдер колледжинин окутуучулары мектептерде профориентациялык иштерди жүргүзүп жатышат. Жолугушууларда бүтүрүүчү класстын окуучуларына колледждеги адистиктер, окуу процесси жана студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын алкагында чет тилдерди үйрөнүүнүн мааниси, келечектеги кесип тандоо жана эл аралык мүмкүнчүлүктөр тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле окууга кабыл алуу шарттары жана студенттик жашоо тууралуу маалыматтар сунушталды.

Бул сыяктуу жолугушуулар окуучуларга туура багыт берип, алардын кесиптик тандоосуна көмөк көрсөтөт.