1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

«Кыргыздын чыгаан уулдары» 

Чет тилдер колледжинде 2026-жылдын 16-апрелинде АТК-2-25 тайпасында «Кыргыздын чыгаан уулдары» темасында куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору Абдрашева У.А. уюштурду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер Кыргыз элинин тарыхында, маданиятында жана мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында өчпөс из калтырган чыгаан инсандар тууралуу жалпы маалымат алышты. Айрыкча, Ж. Абдрахманов, И. Раззаков, А. Сыдыков, И. Айдарбеков сыяктуу мамлекеттик ишмерлердин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы кеңири талкууланды.

Студенттер аталган инсандар боюнча баяндамаларды даярдап, алардын мамлекеттүүлүктү чыңдоодогу ролун мисалдар аркылуу ачып беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын мекенге болгон сүйүүсү, патриоттук сезими жана жарандык жоопкерчилиги калыптанууга багыт алды.