1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

4

Студенттердин ички дүйнөсүнө саякат

2026-жылдын 8-апрелинде чет тилдер колледжинде гуманитардык илимдер жумалыгынын алкагында «Студенттердин ички дүйнөсүнө саякат» аттуу практикалык мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чараны психология предметинин окутуучулары Кадыралиева Гульмира, Арзыбаева Манзура жана Эргешбаева Акмарал жетектешти.

Мастер-класстын негизги максаты — студенттердин эмоционалдык абалын колдоо, ички дүйнөсүн тереңирээк таанууга көмөк көрсөтүү жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү багыттар камтылды:

Психологиялык жеңилдөө: студенттер түстөр жана образдар аркылуу ички чыңалуудан арылып, маанайларын көтөрө алышты.

Өзүн таануу: сүрөт тартуу жана мандала-терапия ыкмалары катышуучуларга өздөрүнүн жашыруун мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жардам берди.

Темпераментти аныктоо: студенттер темперамент түрлөрүн аныктоо боюнча тест тапшырып, өзүнүн индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүштү.

Топтук биримдик: биргелешкен чыгармачылык иш-аракеттер студенттердин ортосундагы ишенимди бекемдеп, достук мамилелерди өнүктүрдү.

Арт-терапия окуу процессиндеги стрессти азайтып гана тим болбостон, студенттерге позитивдүү энергия тартуулап, жаңы ийгиликтерге шыктандырды.

Биздин студенттер — чыгармачыл, изденүүчү жана ар тараптуу өнүгүүгө умтулган инсандар!