1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

9

Тарых — өткөндү жөн гана эскерүү эмес, келечекке жол ачуу үчүн сабак алуу.

Чет тилдер колледжинде гуманитардык илимдер жумалыгынын алкагында 2026-жылдын 7-апрелинде тарыхка арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага АТк-2-25, АТк-4-25, АТк-5-25, АТк-6-25, КТк-4-25 жана АТк-2-24 тайпаларынын студенттери катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, 7-апрель — Элдик революция күнү да эскерилди.  Андан соң студенттер кыргыз элинин байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү жолу тууралуу түшүнүк алышты.

Ошондой эле улуу инсандар жөнүндө оозеки суроо-жооптор уюштурулуп, алардын сүрөттөрү жана тарыхый китептер менен таанышып, QR-код аркылуу тарыхта өзгөчө орду бар инсандардын ишмердүүлүгү боюнча кошумча маалыматтарды алышты. Студенттер: Калдарбекова Арууке “Абдыкерим Сыдыков: ардагер, окумуштуу, мамлекеттүүлүктүн негиз салуучусу”

Курбаналиева Айтолкун “А. Сыдыков — өз мезгилинин Манасы” деген темалар боюнча баяндама жасашты.

Андан соң “Абдыкерим Сыдыков – кыргыз тарыхынын илимий мектебине жол салган окумуштуу” деген темада викторина өткөрүлүп, студенттер эки топко бөлүнүп, активдүү катышышты.

Иш-чара тарых окутуучулары Токтосунова Ч., Абдрашева У. жана Жороева А. тарабынан уюштурулду. Жыйынтыгында ЖББ ПЦКсынын жетекчиси Эрмеков К. жана математика окутуучусу  Кыралиева Г. тарабынан сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар студенттерди мекенчилдикке тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти.