1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

2

Чет тилдер колледжинде 2026-жылдын 6-апрелинде гуманитардык илимдер жумалыгынын ачылышы болуп өттү

Жумалык орус тили, тарых, педагогика жана психология предметтери боюнча ар түрдүү иш-чараларды камтып, студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Анын алкагында орус тили — туура жана сабаттуу сүйлөөнү өнүктүрүүгө, тарых — мекенчилдикке тарбиялоого, педагогика — тарбия жана окутуунун негиздерин түшүнүүгө, ал эми психология — адамдын ички дүйнөсүн аңдоого багытталат.

Биринчи күнү жумалыктын максаты түшүндүрүлүп, студенттер жана мугалимдер менен интервьюлар уюштурулду. Ошондой эле гуманитардык илимдердин коомдогу орду жана тарыхтын жаш муунду мекенчилдикке үндөөдөгү ролу тууралуу мазмундуу пикирлер айтылды.

Жумалык алкагында ачык сабактар, интеллектуалдык оюндар, тренингдер жана чыгармачылык сынактар өткөрүлөт.

Бардык студенттерди активдүү катышууга чакырабыз!