1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

3

Чет тилдер колледжинин мамлекеттик практика учурундагы жумуш ордунда окутуу.

Чет тилдер колледжинин Чет тилдер ПЦКсынын чет тили адистигинин мамлекеттик практикасынын алкагында 3-курстун студенттери үчүн кезектеги базадагы иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын темасы: «Инклюзивдик билим берүү: ар түрдүү окуучулар менен иштөө. Дифференцияланган окутуу жана колдоо ыкмалары» .Сыдыкова Ж жогорудагы тема боюнча презентация жасап студенттер менен иш алып барды. Иш-чара 2026-жылдын 6-апрелинде Манас шаарындагы Жолболду Болотов атындагы №21 жалпы орто билим берүүчү мектебинде өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө практиканттар окуучулар менен активдүү иш алып барып, ар түрдүү деңгээлдеги окуучуларга ылайыкташтырылган тапшырмаларды колдонушту. Дифференцияланган окутуу ыкмалары аркылуу окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрү эске алынып, алардын сабакка болгон кызыгуусу артты. Окуучулар топтук жана жекече иштерге катышып, өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тапшырмаларды аткарышты. Бул алардын активдүүлүгүн жогорулатууга жана өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Мындан тышкары, окуучулар менен иштөөдө колдоо көрсөтүүчү педагогикалык ыкмалар колдонулуп, ар бирине жекече мамиле жасалды. Бул инклюзивдик билим берүү чөйрөсүн калыптандырууда маанилүү роль ойноду. Иш-чарага мектептин практика жетекчилери катышып, практиканттарга методикалык колдоо көрсөтүштү жана алардын ишмердүүлүгүнө жогору баа беришти.