1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

6

Чет тилдер колледжинде 3- курстардын мамлекеттик практика учурундагы рефлексиялык конференциясы өткөрүлдү

2026-жылдын 7-апрелинде чет тилдер колледжинде рефлексиялык конференция өткөрүлдү

Конференциянын максаты — студенттердин мамлекеттик практика учурундагы ишмердүүлүгүн талдоо, тажрыйба алмашуу жана кесиптик өсүүгө багыт берүү болду.

Иш-чарага студенттер, практика жетекчилери катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн практика өткөн мекемелери, аткарган иштери, алган билимдери жана туш болгон кыйынчылыктары тууралуу баяндамаларын сунушташты. Ошондой эле өз жетишкендиктери менен бөлүшүштү.

Талкуу бөлүгүндө катышуучулар суроо-жооп аркылуу активдүү пикир алмашышты.

Практика жетекчилери студенттердин ишине баа берип, кеңештерин жана сунуштарын беришти.

Рефлексиялык бөлүктө студенттер «Мен үйрөндүм…», «Мен үчүн кыйын болду…», «Кийинкиде мен…» деген ойлорун билдиришти.

Жыйынтыгында эң активдүү студенттер белгиленип, жалпы жыйынтык чыгарылды.

Конференция колледждин 2-кабатындагы жыйындар залында өткөрүлдү. Бардык топтор белгиленген график боюнча өз убагында катышышты.