1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

9

СЕН ТАЗА БОЛСОН, МЕН ТАЗА БОЛСОМ КООМ ТАЗА БОЛОТ.

Чет тилдер колледжинин ЖББ бөлүмүндө жашылдандыруу иштери боюнча мугалимдер Токтосунова Чурок, Карымшакова Венера жана Абдирашитова Умида тарабынан активдүү иштер жүргүзүлдү. Алар колледждин аймагын көрктөндүрүү, айлана-чөйрөнү таза кармоо жана жашылдандыруу багытында демилгелүү аракеттерди көрүштү.

Мугалимдердин жетекчилиги алдында студенттер менен биргеликте гүлдөрдү, бак-дарактарды отургузуу, аймакты тазалоо жана ирээтке келтирүү иштери уюштурулду. Мындай иш-чаралар жаштардын экологиялык аң-сезимин жогорулатууга, жаратылышка аяр мамиле кылууга тарбиялоого чоң салым кошот.

Кутбилим

Ошондой эле жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин негизги максаты – билим берүү мекемелеринде жагымдуу шарт түзүү, студенттердин ден соолугуна жана ар тараптуу өнүгүүсүнө оң таасир берүү болуп саналат.

Минобразование КР

Жыйынтыгында, аталган мугалимдердин активдүү ишмердүүлүгү колледждин эстетикалык көрүнүшүн жакшыртып гана тим болбостон, студенттердин коомдук иштерге болгон кызыгуусун арттырып, эмгекке тарбиялоодо маанилүү роль ойноду.