1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

21

ЖАМУнун Чет тилдер колледжинин студенттери Манас шаарынын аймак таануу музейине саякат  жасап кайтышты!

Б. Осмонов атындагы Жалал- Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинин  ЖББ ПЦКнын окутуучулары Жапарова Жылдызхан, Жороева Алмагүл   тарабынан 2026-жылдын  27 март күнү  АТб-1-25  АТк-9-25 тайпалары менен Адам жана коом сабагынан жумуш ордунда окутуу алкагында Манас шаарынын аймак таануу музейине  барышты.

Экскурсиянын негизги максаты студенттердин теориялык алган билимдерин ,практика жүзүндө көрүп билимдерин бекемдөө о.э мекенчил сезимин өнүктүрүү болду.

 Студенттерге музейдин экскурсоводу Сыргабекова Айчырай музейдеги баардык экспанаттар менен тааныштырып түшүндүрүп берди. Студенттерге бул  экскурсия аябай кызыктуу болуп суроолорун берип жатышты.

Мында негизинен көчмөн кыргыздардын күндөлүк тиричилигине керектүү тайымдар, Совет мезгилиндеги техникалар, маалыматтар, археологиялык о.э этнографиялык табылгалар,уз-чеберлердин жасалгалуу кол өнөчүлүгү о.э Манас шаарынын алгачкы түзүлүшү боюнча документтик жана сүрөттөр менен маалыматтар болду. Музейдин эң баалуу буюму - III кылымга таандык аскер адамынын темир соот кийими, салмагы 9 киллограммга жетет экен.

Бул иш чара студенттер үчүн келечекте тарыхый аң-сезимин  жогору, улуттук баалуулуктарды урматтаган, билимдүү адистерди даярдоодо маанилүү роль ойнойт.