1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

18

ЖАМУнун Чет тилдер колледжинин студенттери Барпы атындагы кыргыз драма театрына саякат  жасап кайтышты!

Б. Осмонов атындагы Жалал- Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинин  ЖББ ПЦКнын тарых окутуучулары Токтосунова Чүрөк, Жороева Алмагүл   тарабынан 2026-жылдын  26-27 март күндөрү  КТк-4-25, КТк-5-25, АТб-1-25 тайпалары менен Адам жана коом сабагынан жумуш ордунда окутуу алкагында  Жалал-Абад областтык Барпы атындагы кыргыз драма театрына барышты.

 Театрдын директору Э.Б. Келгенбаев студенттерди жылуу кабыл алып, театрдын тарыхы,репертуары жана бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү тууралуу мазмундуу маалымат берди. Жыйынтыгында студенттер менен бирге эстеликке сүрөткө түштү.

 Барпы атындагы кыргыз драма театрынын тарыхына кайрылсак:

Театр 1955-ж. Өзгөн театрынын базасында түзүлгөн.

 Алгачкы режисерлору- А. Ниязалиев, Э. Токтогулов болгон.

 Театр өз ишин Т. Абдымомуновдун «Борбаш» спектакли менен ачылган. Т. Абдымомуновдун «Борбаш» спектакли менен ачылган. Башкы ролдорду К. Медетбеков, Б. Алиев аткарышкан.

 1963-ж. жабылып, кайрадан 1992-ж. шаардык театр катары ишин жанданткан.

1994-ж. Жалал -Абад областык  драма театры макамын алган.

500 орундуу көрүү залы, гримдөө, костюм тигүү, сүрөт жана башка цехтери бар.

Театр сахнасында ушул кезге чейин Р. Усмановдун «Эне түшү», С. Раевдин «Дубал», М. Гапаровдун «Киотого кеткен жол» о.э «Жолборс кантип алданды» кыргыз эл жомогу, Курманбек баатырдын 500 жылдыгына арналган  О. Станбековдун «Курманбек баатыр», Г. Фигейредонун «Эзоп» пьесасы да театр күйөрмандарына сунушталган.

Бүгүнкү күндө театрда Б. Каракеев, Н. Каракеева, А. Базарбаев, Б. Мадазимов, А. Айталиев, К. Атамкулова жана элге белгилүү  ж.б. таланттуу артисттер эмгектенишет.

Бул иш чара студенттер үчүн маданий мурастар менен таанышууга, театр искуствосунун баалуулугун терең түшүнүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү.