1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

15

Аккредитация учурунда базадагы иш чара чет тилдер колледжи

Аккредитация алкагында базадагы иш-чаралар уланууда. Мамлекеттик практикасын өтөп жаткан 3-курстун  «Чет тили» адистигинин студенттери үчүн мастер-класстар уюштурулду.

Сабирбекова Бермет эжеке студенттердин сабак өтүүдөгү чеберчилигин арттыруу максатында «Сабак өтүүнүн методикасы» темасында мазмундуу мастер-класс өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге сабакты туура пландоо, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча баалуу кеңештер берилди.

Мындан тышкары, чет тили адистигинин окутуучусу Гао Шуанин ЖАМУнун Конфуций институтунда мамлекеттик практикасын өтөп жаткан студенттер үчүн «Кытай иероглифтерин окутуунун методдору» темасында мастер-класс өткөрдү. Бул иш-чара студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө жана чет тилдерди окутуунун өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүүгө өбөлгө түздү.

Иш-чарага аккредитациялык эксперт, Ош шаарындагы Кытай тили борборунун директору Тухтаматов А.С. катышып, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын мазмуну жана уюштурулушу менен таанышты.

Мындай практикалык багыттагы иш-чаралар студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга чоң салым кошот.