1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

28

Чет тилдер колледжинде аккредитация

2026-жылдын 25–26-март күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Чет тилдер колледжинде 050303 «Чет тили (кытай тили)» адистиги боюнча «Сапаттуу Билим» агенттигинин тышкы эксперттик комиссиясынын (ВЭК) аккредитациялык иши жүргүзүлүүдө.

Эксперт катары Тухтаматов Азамат Сайфудинович — Ош технологиялык университетинин Кытай тили институтунун директору катышууда.

Аккредитациянын максаты

• Билим берүү сапатын баалоо • Окуу программаларынын деңгээлин аныктоо • Окутуунун натыйжалуулугун текшерүү • Эл аралык стандарттарга шайкештигин аныктоо

Визиттин жүрүшүндө

• Сабактарга катышуу • Интервьюлар (студенттер, окутуучулар, ата-энелер) • Бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен жолугушуулар • Материалдык-техникалык базаны кароо • Документтерди талдоо

Аккредитация адистиктин сапатын жогорулатууга жана эл аралык талаптарга ылайык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.