1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

32

НООРУЗ – ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ

Чет-тилдер колледжинде 2026-жылдын 19-март күнү Нооруз майрамына карата “Нооруз – жакшылыктын жарчысы” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара ЖББ окутуучулары Карымшакова Венера, Алимжан кызы Айганыш жана Жапарова Жылдыз тарабынан уюштурулуп, студенттер арасында улуттук каада-салттарды даңазалоого багытталды.

Иш-чаранын алкагында кыргыз элинин салттуу “Сармерден” улуттук оюну уюштурулуп, студенттер активдүү катышышты. Оюндун жүрүшүндө жаштар тапкычтыгын, чыгармачылыгын жана улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун көрсөтүштү. Ошондой эле кыргыздын үрп-адаттары, каада-салттары жана Нооруз майрамынын мааниси тууралуу маалыматтар берилди.

Бул иш-чаранын негизги максаты – студенттерди улуттук маданиятка тарбиялоо, ата-бабалардан калган мурастарды сактоо жана аларды кийинки муунга жеткирүү болуп саналат. Нооруз – жаңылануунун, ынтымактын жана жакшылыктын символу катары студенттерге терең таасир калтырды.