1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

СПОРТ ДЕН СООЛУКТУН БАШАТЫМ

2022–2027-жылдарга карата «Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө» улуттук программанын алкагында Чет-тилдер колледжинде тарбиялык жана спорттук багыттагы бир катар иш-чаралар жигердүү уюштурулуп келет. Аталган программанын негизги максаты – жаш муунду улуттук баалуулуктарга тарбиялоо, салттуу маданиятты сактоо менен бирге ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо образын калыптандыруу болуп саналат. Бул багытта колледждин дене тарбия мугалими,КРнын чемпиону,Азиянын вице-чемпиону,дуйно чемпионатынын коло байге ээси,КРспорт чебери,областагы "Алыш"курошу боюнча машыктыруучу  Анарбаев Касымбек Нооруз майрамынын урматына  студенттер арасында улуттук спорт түрлөрү боюнча кеңири масштабдагы спорттук мелдештер өткөрүлдү. Иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин активдүү катышуусу менен өттү. Мелдештин программасына кыргыз элинин улуттук спорт түрлөрү –  тогуз коргоол, ордо, күрөш сыяктуу оюндар ,ошондой эле шахмат,шашки киргизилип, катышуучулар өз күчүн, шамдагайлыгын жана тапкычтыгын сынашты. Ар бир оюн улуттук духту көтөрүп, студенттерге ата-бабалардан калган мурастарды тереңирээк түшүнүүгө шарт түздү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттердин арасында достук мамиле, ынтымак жана биримдик чыңдалып, командалык дух жогорулады. Мелдешке катышкан ар бир студент өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүп, жеңишке болгон умтулуусун далилдей алды. Айрыкча, улуттук күрөш жана аркан тартыш боюнча оюндар көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып, жандуу эмоциялар менен коштолду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, алар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Бул болсо студенттерди мындан ары да спорт менен машыгууга, улуттук оюндарды даңазалоого шыктандырды. Мындай иш-чаралар жаштардын дене тарбиясын жакшыртуу менен гана чектелбестен, алардын мекенчилдик сезимин ойготуп, улуттук нарктарга болгон сый-урматын арттырууда чоң мааниге ээ. Алдыда да ушул сыяктуу иш-чараларды уюштуруу пландалып, улуттук спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.