1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

Академиялык мобилдүүлүк программасы ишке ашырылууда

2026-жылдын 16–23-март күндөрү  ЖАМУнун  Чет тилдер колледжинин окутуучулары жана  студенттери ички академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында башка жогорку окуу жайларда тажрыйба алмашуу максатында билим алышууда. Программа боюнча студенттер төмөнкү окуу жайларда кыска мөөнөттүү окууга катышууда:

Академиялык мобилдүүлүк программасына Чет тилдер ПЦКсынын 12 студенти Манас шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети жана Эл аралык заманбап университетинде өз адистиктери  боюнча билимдерин өркүндөтүп, башка окуу жайлардын тажрыйбасы менен таанышууда. Мындан тышкары, программага Чет тилдер ПЦКсынын төмөнкү окутуучулары катышып, өнөктөш окуу жайларда сабак өтүү жана тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүшүүдө:

Абдуллаева Перизат Уламкадыровна — Эл аралык заманбап университети

Абдусаматова Алина Бахтиеровна — Эл аралык заманбап университети

Сабирбекова Бермет Базаралиевна — К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети

Залимбекова Жазгул Абжапаровна — К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети

Бул академиялык мобилдүүлүк программасы студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна жана окуу жайлар аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.