1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

27

Мамлекеттик практикага жөнөтүү конференциясы

2026-жылдын 14-мартында Чет тилдер колледжинде студенттерди мамлекеттик практикага жөнөтүүгө арналган конференция болуп өттү. Иш-чарага ЖАМУнун карьера боюнча жетекчиси Жолдошалиева Н.С. катышып, студенттерге практиканын ар бир бөлүгү, максаты жана талаптары тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.

Конференциянын жүрүшүндө окутуучу Абдусаматова А. “Менин келечектеги кесибим” аттуу презентациясын сунуштап, катышуучуларга чоң мотивация берди. Ошондой эле Борубаева Айжан интерактивдүү методдор боюнча маалымат берип, практикалык сабактарды кызыктуу өткөрүүнүн жолдору менен бөлүштү. Калмаматова С. “Ийгиликтүү практиканын формулалары” темасында баяндама жасап, студенттерге пайдалуу кеңештерин айтты.

Иш-чарага практика жетекчилери да катышып, студенттер активдүү суроо-жоопко катышышты. Конференцияны уюштургандар: Абдыканова Г., Шаабаева Э., Бекназарова Б.

Конференция студенттер үчүн пайдалуу болуп, аларды алдыдагы мамлекеттик практикага шыктандырды.