1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

54

«Апама кат» – мээримге толгон жолугушуу

Чет тилдер колледжинин Жаштар жана кыздар комитети тарабынан 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата «Апама кат» аттуу тарбиялык жана маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага студенттер өз ата-энелери менен биргеликте катышып, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоого жана ата-энеге болгон урмат-сыйды арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттерди ата-энени сыйлоого тарбиялоо, аларга болгон ыраазычылыгын билдирүүгө үндөө жана үй-бүлөнүн баалуулугун терең түшүндүрүү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өз апаларына арналган каттарын окуп беришсе, апалар да өз балдарына жазган каттарын окуп, алардын мээрими, камкордугу жана тарбиясы тууралуу жылуу сөздөрүн билдиришти.

Мындан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө ырлар аткарылып, көркөм окуулар тартууланып, апаларга арналган куттуктоо сөздөр айтылды.

Мындай жолугушуу ата-эне менен баланын ортосундагы байланышты бекемдеп, студенттерге тарбиялык жактан чоң таасир калтырды. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, бардык катышуучуларга жагымдуу таасир тартуулады.