1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

40

“Ак калпактын нарктуулугунун, баалуулугунун өзгөчөлүктөрү”

2026-жылдын 5-март күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Чет тилдер колледжинде, Жалпы билим берүү ПЦКна караштуу тарых окутуучулары Ч.Токтосунова. У.Абдрашева. А.Жороевалар КТк-5-25 тайпасынаАк калпактын нарктуулугунун, баалуулугунун өзгөчөлүктөрү” -деген темада тегерек стол өткөрүштү. Алгач ЖББ ПЦКнын башчысы Эрмеков К. бөлүмдүн тарбиялык иштер боюнча орун басары Кармышева В. эжеке каалоо тилек айтып өттү. Тарых окутуусу Жороева Алмагүл эжекеАк калпактын нарктуулугунун, баалуулугунун өзгөчөлүктөрү”-деген темада маалымат айтып түшүндүрүп берди. Ктк-5-25 тайпасынын студентти “Ак калпактын барктуулугу”боюнчаОсмонова Айдай  баяндама окуп презентация жасады. Жеңишбекова Мээрим  темага байланыштуу плакатка сүрөт тартып келди. Ушул эле тайпанын студенттери Абдыллаев Абийбилла, Абдираимов Курманбек. Абдираимов Алинур, Абдыманапов Арген, Исмаилов Динислам, Мирланбекова Самара, Маккамова Асел кыскача көрүнүш аткарышты. Акырында суроо-жооп талкуу жүргүзүлүп,Абдыллаев Абийбилла, Абдираимов Курманбек, Абдыманапов Арген, Осмонова Айдай, Арапбаева Айпери айрыкча  ушул студенттер талапка ылайык өз ойлорун  мыкты жооп беришти. Тегерек стол өз максатына жетти. “Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак көрсөң кыргыз деп бил” Ак калпагыбыз дайыма улук болсун!