1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

33

Так илимдер жумалыгы жыйынтыкталды

6-март күнү чет тилдер колледжинде так илимдер жумалыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын башында студенттер үчүн информатика сабагына байланышкан кызыктуу интеллектуалдык оюндар уюштурулуп, Kahoot платформасы аркылуу өткөрүлдү. Студенттер активдүү катышып, өз билимдерин сынап көрүштү. Жеңүүчүлөргө чакан белектер тапшырылды. Андан соң жумалыкка активдүү катышып, ар кандай конкурстарда алдыңкы орундарды ээлеген студенттер сыйланышты. Окутуучулар тарабынан каржыланып, студенттерге грамоталар, акчалай сыйлыктар жана ар түрдүү таттуулар тапшырылды. Бул иш-чара студенттерди шыктандырып, алардын так илимдерге болгон кызыгуусун арттырды.

Так илимдер жумалыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы физика мугалимдери Бакирова Э., Эрмеков К., математика мугалимдери Кыралиева Г., Ташболотов Ж., Абдыкар к.Н., ошондой эле информатика мугалимдери Туратова Т., Тургунбаев С. тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду.