1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

«Жаш илимпоздордун идеялары» аттуу дубал газеталар конкурсу

Чет тилдер колледжинде так илимдер жумалыгынын алкагында «Жаш илимпоздордун идеялары» аттуу дубал газеталар конкурсу өткөрүлдү. Конкурска студенттик топтор активдүү катышып, өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүштү. Алар математика, физика жана информатика предметтерине арналган мазмундуу дубал газеталарды даярдашты. Даярдалган газеталарда илимдин коомдогу мааниси, белгилүү окумуштуулар тууралуу маалыматтар, ошондой эле кызыктуу фактылар камтылды. Студенттер теманы чыгармачылык менен ачып берип, газеталарды ар түрдүү сүрөттөр, маалыматтар жана кызыктуу материалдар менен кооздошту. Бул иш-чара студенттердин так илимдерге болгон кызыгуусун арттырып, алардын изденүү, изилдөө жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту.