1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Чет тилдер колледжинде окуу практикасынын жыйынтыктоо конференциясы

Бүгүн Чет тилдер колледжинде 2-курстун студенттеринин окуу практикасынын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары, аткарган иштери жана жетишкен жыйынтыктары боюнча отчет беришти. Практика жетекчилери студенттердин ишмердүүлүгүнө баа берип, өз сунуш-пикирлерин билдиришти. Конференцияга практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Абдыканова Гульжан Кубанычбековна катышып, окуу практикасынын жыйынтыгы боюнча өз оюн айтып, студенттерге мындан аркы окууларында жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Практикага төмөнкү жетекчилер жетекчилик кылышты:

Эргешбаева А., Кадыралиева Г., Алтынбек к. Н., Арзыбаева М., Баатыр к. Г., Ахматкулова Н., Момунова Ч., Бакирова А., Маткасымова Г.

Практикага катышкан топтор:

АТБ-01-15, Атк-01-25, Атб-2-24, Атк-2-24, Атк-3-24, Атк-4-24, Атк-8-24, Атк-6-24, Атк-7-24, Атк-9-24, КАТк-2-24, КАТк-3-24, КАТк-4-24, КТк-01-25.

Иш-чаранын уюштуруучулары – практика жетекчилери Бекназарова Б. жана Шаабаева Э. болду. Конференция студенттер үчүн пайдалуу болуп, алардын кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошту.