1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

"Улуттук дем - бала жүрөгүндө” атту көркөм окуу жана сүрөт сынагы

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын алкагында Чет-тилдер колледжинде “Улуттук бийиктик – уңгужол: баланын көзү менен” аттуу чыгармачылык сүрөт конкурсу жана көркөм окуу конкрусу болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты – жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Конкурска колледждин студенттери активдүү катышып, өз ойлорун жана көз караштарын ар кандай чыгармачылык иштер аркылуу чагылдырды. Катышуучулар өз эмгектеринде Кыргызстанга болгон сүйүүсүн, улуттук каада-салттарды, эне тилдин маанисин жана өлкөбүздүн жаркын келечегине болгон ишенимин көрсөтө алышты. Ар бир студент теманы өзүнүн дүйнө таанымы жана чыгармачылык фантазиясы аркылуу ачып берүүгө аракет кылды. Конкурстун жүрүшүндө сунушталган иштер калыстар тобу тарабынан бааланып, мазмуну терең, чыгармачылык деңгээли жогору болгон мыкты иштер тандалып алынды. Жеңүүчүлөр дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышты. Мындай иш-чаралар студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, улуттук аң-сезимин калыптандырууга жана жаш муунду мекенди сүйүүгө тарбиялоого чоң өбөлгө түзөт.