1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

30

АК КАЛПАКЧАН АЗАМАТТАР

5-март – Ак калпак күнү Кыргызстандын улуттук баалуулуктарын даңазалаган өзгөчө майрамдардын бири болуп саналат. Бул күнгө карата Чет тилдер колледжинде майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны колледждин Жаштар комитети жана окутуучу Сатканкулова Лунара уюштурушту. Майрамдын негизги максаты – студенттерге кыргыз элинин салт-санаасын, маданиятын жана улуттук баш кийим болгон ак калпактын маанисин кеңири таанытуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер ак калпактын тарыхы жана анын кыргыз эли үчүн символдук мааниси тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле патриоттук ырлар ырдалып, улуттук каада-салттарды чагылдырган чакан концерттик номерлер көрсөтүлдү. Майрамдык иш-чара студенттердин улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырып, мекенчилдик сезимин күчөтүүгө чоң салым кошту. Ак калпак – кыргыз элинин сыймыгы жана улуттук символу экендиги дагы бир жолу баса белгиленди.