1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

25

Так илимдер жумалыгынын алкагында “Илим жана эксперимент” көргөзмө программасы болуп өттү

4-март күнү Чет тилдер колледжинде физика предмети боюнча «Илим жана эксперимент» аталышындагы кызыктуу көргөзмө программа болуп өттү. Иш-чараны физика окутуучулары Бакирова Эльмира жана Эрмеков Кожомкул жетектешти. Программа ар түрдүү эксперименттер, тажрыйбалар жана интеллектуалдык суроолор менен коштолду. Иш-чаранын максаты – студенттердин физика илимине болгон кызыгуусун арттыруу, теориялык билимдерин практика аркылуу бекемдөө жана илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болду. Студенттер активдүү катышып, өз билимдерин көрсөтүп, жаңы маалыматтарды алышты. Иш-чара жандуу жана мазмундуу өттү.