1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Так илимдер жумалыгы "Ким миллионер болгусу келет?" аттуу интеллектуалдык таймаш

Бүгүн, 3-мартта Чет тилдер колледжинде Так илимдер жумалыгынын алкагында математика сабагынан Абдыкар кызы Нурзада «Ким миллионер болгусу келет?» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрдү.

Студенттер активдүү катышып, таймаш жогорку деңгээлде өттү. Иш-чара математикага болгон кызыгууну арттырып, логикалык ой-жүгүртүүнү, тактыкты жана шамдагайлыкты өнүктүрүүгө багытталды. Мындай сабактан сырткары иш-чаралар студенттердин предметтик жана жалпы компетенттүүлүгүн жогорулатып, өз алдынча ой жүгүртүү, тез чечим кабыл алуу жана командада иштөө көндүмдөрүн калыптандырат.