1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Чет тилдер колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

«Эл аралык эне тил күнү»

1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКО тарабынан 21-февраль «Эл аралык эне тил күнү» деп жарыяланган. Ушул майрамга карата Чет-тилдер колледжинде майрамдык салтанат болуп өттү. Иш-чаранын максаты — эне тилдин баалуулугун даңазалоо, тилдердин ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаш муундардын тилге болгон урмат-сыйын арттыруу болду. Салтанатта студенттер эне тил тууралуу баяндамаларды жасап, көркөм окууларды, ыр-бийлерди жана сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты. Ар кайсы тилдерде ырлар аткарылып, улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрү чагылдырылды. Колледж жетекчилиги өз сөзүндө эне тил — улуттун руханий мурасы, маданиятынын жана тарыхынын күзгүсү экенин белгилеп, ар бир студентти өз эне тилин урматтоого жана өнүктүрүүгө чакырды. Майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга жагымдуу маанай жана терең таасир калтырды.